
Табам деп бакыт эмгектен,
Табам деп бакыт эмгектен,
Таалайдын жолу мен кеткен.
Алыстап калган артымда,
Айылымда канча берметтер.
Шыңгыры мөлтүр булактын,
Тоолордон өтүп убактым.
Арчалуу бийик карагай,
Маңдайга бүткөн бу-бактым.
Сагынсаң көлдүн көркүн өп,
Аккуусу сулуу мөлтүрөп.
Жан-дүйнөң тынчыйт заматта,
Калгандай болуп көл түнөп.
Ак -булут ороп асманын,
Айылым менин дастаным.
Күн чыгат алда немедей,
Боорунан берки асканын.
Соорусу жердин-Түргөнүм,
Ал жакта дайым бир көөнүм.
Кандай бир адам сагынбайт,
Бактылуу ошол күндөрүн.
Башталат жолдор-элеттен.
Жакшыга кимдер келет тең?
Жүрөйүн дейсиң жуурулуп,
Чыгып бир калбай керектен.
Энедей анан болобу?
Кыз бала үйдүн коногу.
Төш алып жүрүп төркүндө,
Төрт күндөн өтсө жомогу.
Максатгуль Медербековна Жанузакова /Maksatgul
Mederbekovna Zhanuzakova
www.kafiye.net




