Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Сен биргесиң, мени ээрчип кыялымда

Email :4

Сен биргесиң, мени ээрчип кыялымда





Ээрчитип, сени дайым кыялымда,

Оюмдун эң бир таттуу кыямында.

Көйнөк алсам дүкөндөн жагабы?- деп,

Сураймын, бирге жүргөн сыягында.




Арзуумдун күүсүндө, кыягында,

Адеп сактап күлкүмдү тыямында.

Оюмда оролушуп, элестеткен,

Өзүң менен үйүбүздү жыямында.




Эс алып келейин деп тоого чыксам,

Ээрчийсиң, кокту колот кыясына.

Кооздолгон сүрөт болсо айлананын,

Сүртүлдүң, жашыл, кызыл, сыясына.

Сен биргесиң, мени ээрчип кыялымда!




Ашира Кулишева
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts