Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

Сары жорго токуп

Email :3

Сары жорго токуп


Сары жорго токуп минет сагыныч,

Сага барчу жолду торойт таарыныч.

Күтүү менен таңдар атат, кеч кирет,
Күмөн саноом күм – жам болуп эскирет

Жүрөк күйүп чокко, күлгө айланган,
Жүгөнү жок бир өзүңө байланган.

Аалам баткан мейкиндике сыйбадым,
Алтын сөздүн берметтерин жыйнадым.

Жакшы адамдар менден көптү күтүштү,
Жан дүйнөмдү жалгыз сөзүң үшүттү.

Эми күтпөйм, кездешүүгө акың жок.
Эргип сага ыр арначу акын жок.



Нускат Манкушева.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts