Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

Сезим күчү…

Email :4


Сезим күчү…



Кылымдарга айлантып жердин бетин,

Курчап турат жашоодо сүйүү күчү.

Көөдөндөгү кусалыкты түшүрүүгө,

Ак баракка ыр жазамын, тизип түрлүү.




Кайчылашкан жолдорубуз бирге болду,

Кандай таза мухиттеги сүйүү толду.

Кубат алып асман жердин ортосунан,

Кудай балким бергендир бул сыноону.




Кол кармаштым татаал жолго карабай,

Канча сөздөр ээрчип өттү шамалдай.

Курчаса да кайыл болдум баарына,

Кетип калдым сүйүү багын аралай




Кызыл гүлдөй жыттап жытым аңкыган,

Кучагыңда эркелесем жактырган.

Канча калды өмүр жашым ким билет,

Кел жашайлы жаман айтпай аңдыбай.




Бул сүйүүнүн тагдырына баш ийүү….



1.06.2021ж.

Кайыр .ЖолдошЖолдошбековна.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts