Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

Жан дүйнөмдүн

Email :3

Жан дүйнөмдүн



Жан дүйнөмдүн жаралуусун айта албайм,

Жакшынакай кыздарыман айланам.

Жакын туруп жүрөк сырым ачылбай,

Жамалымсың жашоо нурга шам жаккан.



Жакшы күндөр балалыктын,баёосун,

Жаратканым берсин күндө аёосуз.

Жан эргиткен күлкү чачып жүзүндөн ,

Жашап өткүн,жарык чачып каалообуз.




Жалындаган көздөрүнөң кагылам,

Жаным курман силерди мен сагынам.

Жайнап өтсүн өмүрүңөр жай сымал,

Жараткандан ден соолугуң суранам.




Жарк деп чачаар силер барда күн нурун,

Жарык болуп караңгы айсыз ар түнүм.

Жолго чыксам жан шеригим алтындарым,

Жашап келем бул өмүрдө силер учун.




Бүгүнкү майрамыңар кут болсун!



1.06.2018ж. Кайыр. Жолдошбековна.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts