Көңүл баркы



Ченемдүү чегерилген – жашоо наркы,

Чегилген тагдырларга – өмүр ар кыл.

Дил сөзүн сүйлөп берчи, карегиме-ээ,

Ким билет, кимдер баалайт – көңүл баркын.




Айнеги кирдебесин жан дүйнөнүн,

Айткыла аралжы сөз, ким билгенин.

Баш бербес, тил укпаган сезим эке-ээн,

Андыктан ак сүйүүгө кайдигермин.




Эч нерсе дебейм эми кайдигермин)



Күпүлдөйт тунгуюктан көкүрөгүң,

Көксөөсү көлкүлдөйбү көп күндөрдүн?

Көөдөндө уюп калган бул сезимди-иин,

Унутуп калыптырмын кекчилдигин.



Ашира
www.kafiye.net