СҮЙҮҮМ АК САГА

Ай жүзүн сенин, эсимден кетпей

Арманда жүрөм, максатка жетпей

Саргарып күттүм жолугаар күндү,

Жүрөгүм сыздайт, тумандуу кечтей. 



Асылым менин ,колуңду берчи,

Күйүткө салбай,өзүмө келчи.

Махабат бизди сыноого салды,

Сүйүүм ак сага,сен дагы сезчи.




Алоолоп күйөт сен деген сезим.

Жолугуп сага бир болсом деймин.

Акуулар өңдүү кыйышпас болуп,

Өкүнбөй жашап,өтөөрум сенсиң.




Жашоомдун жашыл көктөмү өзүң,

Ойумдан кетпес карагат көзүң.

Өзгөчө сезим, таптаза болуп,

Сүзөлу бирге махабат көлүн.




МАМЕТОВА ЗУУРАБУ АЛИМБЕКОВНА САНТА

www.kafiye.net