СҮЙҮҮНҮ ЖАЗГАН КЕЗДЕ

Сүйүүнү жазган кезде, деңиздей толкуп калам,
От болуп денем ысып, жалындап күйүп жанам.
Эмиле чоктон чыгып, жамгырга жүз тоскондой,
Албырып көккө карай канатсыз учуп барам.

Сүйүүнү жазган кезде, марага түшкөн сыңар,
Дүкүлдөп жүрөк дагы, башкача согуп турат.
Шурумдун шыңгыр үнү, кооздоп коңур түндү,
Демимден махабаттын сыйкырдуу деми урат.

Сүйүүнү жазган кезде, калемим күлүк-жорго,
Тизгинге башын ийбей, токтобой ойнойт колдо.
Махабат байрагынын бир бурчун бийиктетип,
“Чү”-деген жерден кетет, карабай оңго-солго.

Сүйүүнү жазган кезде, таманым тийбей жерге,
Ак булут аралаймын, айлантып барын шерге.


Кундузбү Маматова
www.kafiye.net