Куплеттер;

Тегирмен ташы болуп айланамын,
Күн-түнү тирүүлүк деп убарамын.
Турмуш жүк ушунчалык оор болсо да,
Түн ичи жакшы ыр жазсам кубанамын.

Мекенимди гүлдөтөм тилек менен,
Ыр казамын карылуу билек менен.
Тосуп алчы айылым асыл жерим,
Жалын кармап келатам жүрөк менен.

Түшүн мени катарымда замандаш,
Тынбай келем өр таянып замандан.
Түртүп алган, көтөргөн да жүгүм бар,
Тагдырыма мекен жүгү аралаш.

Кыз баламын күлүк аттай тапталган,
Жарыштамын чоң сыноого аттанган.
Ат дүбүрттү сүрөгөн эл маарага,
Баратамын коюу чаңда тунарган.


Жалпы кыргыз бир муштумдан түзүлсө,

Бир ууч кыргыз бир түндүктү көтөрсө.
Жыты келер кыргыз жыты жыттанып,
Тоо койнунда, боз үйүндө көгөрсө.

Жан дүйнөмдү арбап алдың музыка,
Кыялымда мен кубулдум музага.
Укпайм, көрбөйм, мен эмесмин азыр мен.
Ноталарың болуп алгам музыка.

Эгер билсең, алда кимге катып койгон,
Ай ааламды титиретип, күчкө толгон.
Сүйүүм жетет, бүт ааламды сүйө аламын,
Жүрөгүмдө сүйүү жашайт алоолонгон.

Нускат Манкушева.

www.kafiye.net