Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Жанылкан Бегалиева/Zhanylkan Begalieva

КЫРГЫЗ КЫЗЫ

Email :3

КЫРГЫЗ КЫЗЫ

Жолун улайм, кыргыз кызы тарыхтан,
Мен урпагы канымда бар каныккан.
Каныкейдин, Айчүрөктүн, Сайкалдын,
Тамчы каны күрөө тамыр карыткан.

Жолун улайм, кыргыз кызы аталган,
Турмуш жолун түбү менен оодарган.
Жаңыл Мырза, Курманжандын эрдиги,
Баатыр кыздар көп жомокко айланган.

Жолун улайм, кыргыз кызы атагым,
Мен муундашы, бүт аялзат атынан.
Из кубалап келер дагы далай муун,
Жолду улап, кыргыз кызы аталып.


Нускат Манкушева.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts