Гүлдү сүйөм



Гүлдү сүйөм бажырайып ачылган,

Ойлорумду чогултамын чачылган.

Орхидея гүлүнө окшоп үлбүрөп,

Ырларымда назиктигим катылган.




Кызыл , аппак роза гүлүн жактырам,

Жан дүйнөмө сулуулукту батырам.

Бүрлөрүнөн тизип тамга эркелеп,

Сезимимди ыр саптарда калтырам.




Хризантема жанга сүйкүм жаралган,

Бакыт гүлү деп ааламга таралган.

Ак баракка толо жазып дастанды,

Махабаттын жыпар жытын сагынам.




Жазгы сирень ачып, жытын чачканда,

Айыгамын кайгыга мен батканда.

Жаз күнүндөй жайнап чыгат эргүүлөр,

Шашыламын дептериме жазганга.




Пион гүлдүн сулуулугун сүйөмүн,

Букет жасап ар кандайча түрлөймүн.

Араладым гүл бакчаны ыр менен,

Окурманым окуп алып күлбөгүн….


Аял дагы бири болот гүлдөрдүн….




Кайыр Жазы. Москва.

www.kafiye.net