Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Жүрөмүн чечим чыгарбай

Email :3

Жүрөмүн чечим чыгарбай

Муңайса менин көздөрүм,
Кыскарып калса сөздөрүм.
Өзгөртүп ойду таарынба,
Көөдөндөн сени бөлбөдүм.

Артыгын сенден көрбөдүм,
Оюмду күчтөп жөндөдүм.
Жанашпай алыс калсак да,
Сыйлашкан күндү көздөдүм.

Сездирип сүйүү бүрлөрүн,
Көп сундуң көңүл гүлдөрүн,
Көбүртпөй бирок сезимди,
Муздатты үнсүз жүргөнүң.

Антсең да турам кыя албай,
Үмүттүн жибин үзө албай.
Байлабай бирок бошотпой,
Жүрөмүн, чечим чыгарбай.



11.11.2020ж 20:30



Райбекова А
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts