ТҮНДӨ ЖАЗДЫМ ЫРЫМДЫ.




Түн бир оокум, ойго батып ойлоном ,

Таттуу түштөн ,чочуп кетип ойгоном.

Таң да атып,сүрүп келет өз доорун,

Тамашасын тагдыр эч бир койбогон.




Туман басып, айлананы кыялдар,

Тумчуккандай,айта албай толгоном .

Тамыр тартып , махабаттын гүлүнө,

Табышмагын,жашоо берип тойбогон.




Талпынамын, канат байлап алыска ,

Тулпар болуп түшүп алгам жарышка.

Тумар тутуп ,сезимимдин сырларын,

Талыкпадым ак баракка жазышка.




Толкун болуп, удургушат жүрөктөр,

Тамга тизет,көз ирмемдик мүнөттөр.

Толгон токой, ойлор ээлеп башымды,

Токтото албай, эргүү жазат билектер.




Таамай айтып, кара сөзгө кармалдым,

Тунук сезим, жалгыз сага арбалдым .

Толук жазып бүтө албай ырларды ,

Ташыркаган, ат сыяктуу жаралдым.




Мезгил өтүп , менменсинет убакыт,

Мен сен үчүн жаралгандай буралып.

Мына ушул,түндө жаздым ырымды,

Мээрим төккөн карегиңе арналып.





25.06.2018ж.

Кайыр. Жолдошбековна.

www.kafiye.net