Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Totu Arzikulova

ЖАН ДҮЙНӨМДҮ БАЙЫТУУГА ЖӨНӨДҮМ

Email :4

ЖАН ДҮЙНӨМДҮ БАЙЫТУУГА ЖӨНӨДҮМ




Кийип алып бүгүн жашыл күрмөмдү,

Эмнегедир жакшы ойлор күүлөндү.

Жолуктуруп мыкты деген адамды,

Улуу ойлор бекемделди, чыйралды.




Кийип алып бүгүн кызыл көйнөгүм,

Көйкөлөмүн көөдөнүмө сыйбадым.

Жакшылыкка жарпым жазып кубанып,

“О-о сонун!”- деп созолонто ырдадым.




Кийип алып бүгүн аппак көйнөгүм,

Аруу таңда тилек арнап турамын.

Акылдуунун сөзүн угуп тажабай,

Жан дүйнөмдү байытууга жөнөдүм.




Салып алып бүгүн күлгүн жоолугум,

Салкын тарткан тоолорума жөнөдүм.

Сагынычым айтып берип тоо- ташка,

Жарпым жазып ырлар жазып келемин.




24. 06. 2021.

Бишкек. А. Тоту.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts