Күч күйөө(36).



Бүбүайша көзүн ачса күн шашке бою көтөрүлүп калыптыр.

Ашкандан сүйлөшкөн үндү угуп жазбай тааныды, Алымбек келип калган турбайбы деп сүйүнүп кетти.

Өйдө болуп турайын десе башы ооруп тура албай койду да, коркуу сезим пайда болуп, калтырак басты.

Кайра өзүн колго алып мен баарына чыдайм, өзүмө ант бергем, биздин бактыбыз үчүн, балдарым үчүн чыдайм деп, чымырканып жатып турду. Бир – эки кадам баскандан кийин башы айланып жыгылып түштү, ашканада чай куюп отурган Бурма чуркап келип эже эмне болду – деп чырылдап жиберди.

Алымбек так көтөрүп тез жардам чакыргыла деп, сыртка, тапчанга жаткызды. Майрамбүбү Бүбүайшанын бетине суу чачып эсиңе келчи кагылайын, көзүңдү ач, бизди коркутпачы – деп жалынып жатты. Тез жардам келип, кан басымы өтө төмөн түшүп кетиптир, деп алып кетти Бүбүайшаны. Доктурга барып баары күтүп отурушту, кечке чейин Бүбүайша өзүнө келбей койду, доктурлар да айласы кетип; – түшүнүксүз баарын кылып жатабыз кан басымы көтөрүлбөй жатат, операця да кыла албайбыз, төрөт жөнүндө сөз да болбош керек, абалы оор – деп айтышты.

Бул кабарды угуп келген Бермет түндө молдону алып келгиле, дем салдыралы, эм түшүп калгысы бардыр деп айтты Алымбекке.

Таңга жуук молдону реанимацияга киргизишти, көпкө чейин окуп чыккан молдо коркпогула, эсине келет деп айтканда, Майрамбүбү оозуңузга май модоке, оозуңузга май деди ыйлактап.

Түш оогондо медайым чыгып келиниңиз көзүн ачты, сизди кирсин деп жатат деди Майрамбүбүнү карап.

Оо кудай кудайга үнүм жеткен экен, аксарбашыл айтам кудай деп күбүрөнүп кирип барды.

Өңү чүпөрөк, боппоз, алы жок Бүбүайшаны карап, өзүн колго алып ыйлабай, кызым жакшы болуп калдыңбы – деп сурады.

– ооба апа жакшымын, коркпоңуз, мен сизге түшүмдү айтып берейин, мен өлбөйм, көп жашайм, ата – энем кууп жиберди, апам Майрамбүбү апаңа бар деди – дегенде, Майрамбүбү медайымды коркуп карады, медайым күлүп көзүн ирмеп койду, акыл эси жайында деген түшүнүк берди.

Мейли эс ал кызым сага күч керек дегенде, токтоңуз апа мен силердин баарыңарга ыраазымын, сиздерди кыйнап койдум апа, мени кечириңиздер – деди Бүбүайша. Мейли балам эс алчы сен чарчап калдың – деп чыгып баратканда, медайым жөөлүп жатканда ата – апа мени эмнеге кет дейсиңер дей берди, азыр эсинде, молдо окугандан кийин эсине келди деп айтты. Эмнеге кечирим сурап жатат анан деп, тынчсызданды Майрамбүбү.

Апа коркпоңуз кризистен чыктык, баары жакшы болот деди медайым.

Майрамбүбү сыртка чыгып Бурма сен үйгө барып курма чай жасап келчи эжеңе, унду сары майга кызартып кууруп жаса, Илимбек сен да Кубатты алып үйгө бар, баламдын жүрөгү түштү го,- деп өоп койду Кубатты.

Алымбек экөө калганда, – ээ балам областка которулам деп жатпайт белең, Бүбүайша төрөп бели – башын бууп алгандан кийин көчүп кеткилечи… жер котрсоңор балким Бүбүайша оорубай калат беле – деди Майрамбүбү.

Апа менин оюмду окуп койдуңуз, көчөбүз буйруса, “аппагым” да сакайып кетет, – деп жооп берди сабыры суз Алымбек.

Ичинде Бүбүайшаны аяп айласын таппай турган Алымбек, анткени врач келип бүгүн, эртең төрөтпөсөк бала тумчугуп калат деп кеткен.

Курма чай жасап келген Бурма, жезде мен өзүм ичирип чыгайын ээ,-деп сурады.

Бурма кирип эле эжесинин жакшы эмес экенин байкады күлгөнү башкача. Эже кантип калдыңыз, келиңиз ысыгында ичип алыңыз деп кашыктап ичирип жатканда, чыныны колуна алып көтөрүп ичип, дагы куйчу деди, – жарым чыны куюп сунганда бир дем менен ичип жиберди.

Бурма мени ук мен бүгүн төрөйм, ара төрөлөт деп мага айтып жатышат, канча күрөшсөм да болбой жатат, – деди Бүбүайша.

Эже коюуңузчу ким айтты, – доктурларбы?

– дегенде, бул жерде доктурлар алсыз…

Төрөп алсам буларга сөз бербейм, мен да, бала да дени сак болобуз, – оорууга моюн бербейбиз… деп уктап кетти.

Бүбүайша ойгонгондо врач келип, кан басымын өлчөп, кана эми экөөбүз төрөткө даярданабыз, бала сегиз айлык, дагы күткөнгө болбойт, алдан тайып баратасың, – деп түшүндүрдү.

Ооба эже мен даярмын, сизге ишенем , деди Бүбүайша.

Ошентип тогоонун уколун сайып жатышты. Бир убакта толгоо тартып кыйналып баштады Бүбүайша.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле…

бир паста баланын ыңаалаган үнү угулду…

Бүбүайша азаматсың кыз төрөдүң, салмагы да жакшы, чыйрак экен деп сүйүндү врач.

Оо Кудай сенин күчүң ар кандай кара күчтөн күчтүү, шүгүр кылам, миң мартебе шүгүр кылам, – деп жалбарып жатты Бүбүайша.

Автор Тоту, Арзыкулова.

Уландысы бар…

Totu Arzikulova
www.kafiye.net