Бираз болсо



Бираз болсо дагы турам түшүнбөй,

Сен эмнеге кайдигерсиң түтүндөй.

Сезимимдин көз жашына балта чаап,

Жартылансам кабылдайсың бүтүндөй.



Унутсаң да унуталбай кыйналам,

Кыйып салсаң алигиче кыйбагам.

Сезимиме арзууларым сактаган,

Азап берип,дүйнөсүнө сыйбагам.



Кайдигерлик жолубузду чапканы,

Мен тапкандай, сен да таап башканы.

Өкүнөйүн деп өкүнбөй карманам,

Жан дүйнөңүн жаңы сырын ачканы.



Колду үзүп таарынычты таарынтпай,

Басып кеттик сезимдерди жалынтпай.

Жымжырттыктын кудум кара кулундай,

Унчукпадык жүрөктөрдү сагынтпай.



Али күнчө көз алдыман чуурулуп,

Арген үнүң өзгө ыргактай угулуп.

Кайдыгерлик катып калган каректен,

Кусалыктын тамчылары куйулуп…

Өзүмү өзүм алдап турам негедир,

Айрылыштар кайрылыштай туйулуп.




Ош шаары, 18-май, 2021-жыл, 23.38
Калдарбек Койлубайтегин (Шалка)
www.kafiye.net