
Рубайи
Ниети каралардан кутулуунун жолу бир,
Ал сорулган айлампага чочубастан кошо кир.
Нени алдың же албадың..абийириңе койолу,
Кайсыл жолду тандарыңы ,эми досум өзүң бил.
***
Тетирленип калдың досум,хан тактысын алгандай,
Жыртык мээңе жыртык ойду жамабастан салгандай.
Кызмат- сынак экендиги ойуңа да келбестир,
Кимдин кими аныкталып тоок көчүгү айланбай.
***
Короздой мага карай атырылдың,
Ычкырын мен чечкендей катыныңдын.
Оозуңа берсем болмок, болбогондо,
Катының иш башчысы катынымдын.
***
Жамандык кылалбасам туралбаймын,
Жамандан дүйнөм алып ырахатын..
Ниетти түз нугуна буралбаймын,
Кыянат гана менин ыракматым.
***
Көралбастан көралбас,
Көр албастан көр албас.
Биз эмей анан кимиси,
Өлалбастан өлалбас.
***
Түмөн жол бут алдыңда… кысып көзүн,
А бирок бири гана кубат күчүң.
Тандоочу тагдыр эмес, жалгыз өзүң,
Ошол жол жомок түшүң,тозок үшүң.
***
Өкүнгөндөн не табасың түш соңу,
Кимге кызык арманыңын бар жогу.
Пенделик да, оорлошуп кетчүдөй,
Айтпаганда жок дегенде бир жолу.
***
Кой-айга кожоң жогунан ыйман качканы,
Ырыскың ынжып ырысын түгөл чачканы.
Эсиңи жыйып, акылың пеште дегендей,
Жакшыдан эмес, жамандан кабар айтканы.
Калдарбек Койлубайтегин (Шалка)
www.kafiye.net




