Саясаты жок жан дүйнө…

27.04.2021ж.Бишкек шаары.


Бүгүн биздин жакшы жаңылыгыбыз бар десем жаңылбаймын.

Борбор калаабыздагы номер 13чү Сагымбай Орозбаков атындагы китепкананын ичинен АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесине китеп бурчу бөлүнүп берилди.

Бурч деп айтылганы менен биз үчүн чоң жетишкендик .

Китепканага АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөлөрү чогулуп иш чара өткөрдүк .

Иш чарага келген Кыргыз акыны, жазуучу, юрист , журналист Жедигер Саалаев агай өзүнүн ,,Манас руху ” китебин текчебизге коюп жакшы ой тилектерин айтты. Ошо менен бирге эле Кыргыз тил коомунун президенти Р.Курбанов агай келип ачуу аземин өткөрүп КТРКканалы менен маектешип кайтты. Ал эми АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү, журналист , көптөгөн китептердин ээси Сталбек Абдраев да катышып өз оюн эл менен бөлүштү.

Андан соң бирикменин мүчөлөрү Кундуз Макеева өтүп жаткан сабагына катышышып тапшырмаларын алышып үйлөрүнө кайтышты.

Мына ушундай чыгармачылык иш чараны уюштурган АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесинин жетекчисинин орун басары Б.Жусубакуновага жана АКТАЛ Бишкек Чүй координатору Тоту Арзыкулова терең ыраазычылык билдирем жана үй бүлөлүк бакыт , ден соолук каалаймын, Ар дайым көч башы болуп жүрө бериңиздер !

Ар дайым китеп текчебиз китепке толуп турсун!

Урматым менен Кайыр.

Кайыр Жолдошбекова
www.kafiye.net