Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

СИРЕНЬ ГҮЛҮ

Email :3

СИРЕНЬ ГҮЛҮ.



Жаздын деми айланага көрк берип,

Жылуу мээрим чачылгандай сезилет

Жайнап өскөн сирень гүлүн көргөндө,

Жытын искеп жан дүйнөм бүт эзилет.


Жаштык кездин бүрү ачып тургандай,

Жакшынасың сирень гүлү кыздардай.

Жалбырагың шүүдүрүмдө суу болуп,

Жытың менен бүт көңүлдү бургандай.


Жарык чачып таң супасын салганда,

Ак өңүндү окшоштурам таң шоолага .

Жерге толук күн тийгенде сулуулап,

Көк гүлдөрүң бүт ааламга буркурайт.


Жакшы көрөм сирень гүлдүн ачышын,

Жаш күнүмдөн сага сезим каткамын.

Жолдо күтүп жаздын бир күнүндө,

Ушул гүлдү сен тартуулап баскансың.


Алгач сүйүү балалыктын жыргалы,

Анда,жазылбаптыр сезим ырлары.

Эх,балалык кайда калды айтчы эми,

Ошондогу сирень гүлүм жаздагы.



Кайыр. Жолдошбековна.

22.04.2018ж .

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts