Сезим күчү…



Күн суук, кар аралаш жаан жаап атат. Жаздын орто чени болсо да, жаздын жылуу илеби билинбейт.

Бактар бүчүр байлап, сирен гүлү ачылып, жер бети кооз болуп жашыл түскө бөлөнүп көздүн жоосун алып турган, кечээки күндүн бири жок.

Суук ичиркентип, аппак кар айлананы ээлеп алган.

Бүгүн эч жакка чыккым келбеди …

Бир чоң иш чара да бар эле ага да барбастан үйдө жылуу жаттым эле.

Бир маалда ишимен иш чыгып калып, жылуу кийинип , кол чатырыма жашынып жөнөп кеттим.

Жолдо баратып сизди эстедим, түндө кандай жатты экен, деп телефон чалдым, бат эле алдыңыз .

Өңүңүздүн оңолуп калганын көрүп сүйүнүп кеттим, орозонун убагы болгон үчүн тилектеримди айтып ,дагы бир жолу Жараткандан сиздин ден соолук, өмүрүңүздү тилеп алдым.

Күндөгүдөй эле сүйлөшүп келе жаттым. Кызыңыздын туулган күнү экен , он үчкө чыгыптыр.

Эмнегедир баары суз, ортобузда бир адам тургандай сезилет…мени жаңы сүйүп жүргөндөй көздөрүңүз күйбөйт, акырын соккон муздак жел ортобузду бөлүп тургандай сезилет.

Себеби эмне экенин билбейм, ушактарга ишенгим да келбейт, бирок бүгүнкү кылыгыңыз мени ушул чыгарманы жазууга түрткү кылды.

–Ооба анда башкача күн эле, мени ушунча мээрим көздөр менен карап , мен сизди карап жаздын биринчи күнү жолугуп , тээ көп жылдан бери тааныш адамдардай бири бирибизден ажыраша албай турган элек.

–Мен жаманмын дедиңиз эле,

–Эмнеге?

–Сүйүп калсам аябай жаманмын эч качан кое бербейм,

–Мен да сүйүүгө туруктуумун деп ички жан дүйнөбүздү , көз караштарыбыздан окуп алгандай болуп жүрдүк.

Акыры сезимибиз гүлгө айланып бажырайып өсүп чыкты.

Тамыр байлады биринчи, андан соң бутагы өсө берди , мына ошонтип сезимдин гүлү жайдын так ортосунда , бажырайып аппак гүл болуп ачылды.

Ачылганда дагы тим эле элдин баары суктангандай ачылды….

Жетелешип алып ,ак кууларды көрүүгө барабыз, сууга түшүүгө барабыз, эс алуу жерлерине барабыз. Экөөбүз бири бирибизден ажырашуу кыйын болсо да кайра эле ажырашып калабыз.

Сиздин мага болгон мээримиңиз күндөн күнгө мени тарбиялап, канча жылдан бери унутулган аялдык назымды кайтарып алганым айдан ачык эле көрүнүп да билинип да турду.

Жашоо мен үчүн ушунча кызык да таттуу да болуп , улам жүрөк оорум сакая баштаганын сезип жүрдүм.

Ак роза гүлү, кызыл роза гүлү , мен жакшы көргөн орхидея гүлү арты артынан белекке берилип, ошо гүлдөрдү соолутпай карап сугарып убактысы бүткөндө ыргытканга ыраа көрбөй ,таштанды баштыгына салып кургатып чогултуп жүрдүм. Кичине эле бир иштерим болсо да сизге кеңешмейин эч нерсе кылбай калдым.

Баарын сизге айтам, эркелейм, бирок эч качан өзүмө ыйлабайм деп сөз берген элем, ошол сөзүмө туруп эч бир ыйлабадым.

Кээ күндөрү жарылып кете жаздасам да сизди көргөндө баарын унутам.

Канчалаган жылдар бою жалгыз жашап, эркек деген сезим, сүйүүнү унутуп калган элем, азыр сиз менен кол кармашып жүргөн күндөрүм мен үчүн бакыт, бир кичинекей нерселерди талашып акыры мен таарынып тынам, бирок бир же эки сааттык эле, кайра эле унутам да сизди сагынып баштайм. Күлүп кайра эле барам.

Өзүмө таң калам ….

Эч качан бир эркектин алдына басынып же болбосо, эркектен жардам сураган күндөрүм болгон эмес эле.

А сиз болсо мага, жөлөнгөн таяк болдуңуз, жыгылтпай сактап жүрдүңүз.

Ар дайым сагынып кулагыма **Жаным эркем* деп шыбырап, андан беш бетер мени алсыз кыласыз.

Мына ушундай күндөрдү жылдар бою өткөрүп, экөөбүз бири бирибизди бир сөздөн түшүнүп, колдоп коштоп жүргөн кезде , ортобузга бир үчүнчү адам пайда болду.

Мурун элдерден уккан элем, бирок ишенбеген элем, дагы деле ишенбейм.

Бүгүнкү күндөгү окуя, талаш тартыш менин жүрөгүмдүн оорусун кайра кайтарып бергендей болду. Кызганыч өзүмө душман экенин сезип турсам да мен өз намысымды бергим келбейт.

Мейли бирок сиз бактылуу болсоңуз ошол менин бакытым деп айтаар элем.

Эшикте жаап жаткан кар аралаш жаанда билинбей көздөрүмдөн ылдый жылуу жаш куюлуп, парк аралап өпкөм өпкөмө батпай ыйлап кетип бара жаттым.

Бүгүн мен өзүмө берген ыйлабайм деген антымды буздум…..

Себеби үчүнчү адам бакытымды, сүйүүмдү, сезимимди, жашоодогу жакшы күндөрүмдү, акырын билгизбей тартып алып жаткандай болду, а мен намыстанып баарынан баш тарткым келет.

Сизди мендей сүйгөн адам болсо Орозонун күнүндө бакыт таалай, ден соолук , өмүр кана каалоого туура келээрин түшүндүм.

Мына ошонтип өзүм билдирбестен ыйлап да жүрөгүм сыздап да , бул жалган жашоодо эч кызыкчылыгым болбой калаарын түшүнүп, үч бүктөлүп ыйлап жаткан бойдон таң атырдым.

,,Аялзаты баары бир алсыз болот экенбиз”- деп бүгүнкү чыгармамды аяктадым.


Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net