Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Пендемин да

Email :3

Пендемин да


Пендемин да моюн сунган тагдырга,

Ажал жетсе жата турган кабырга.

Өмүрүмдүн тамчы суусу бүткүчө,

Жан киргизип кетким келет көп ырга.



Пендемин да сыноолорго бүгүлгөн,

Ар түйшүктүн түрмөгүнө түрүлгөн.

Дене бойду кармай албай тик кылып,

Кээде кулап, көмөлөнүп сүрүлгөн.



Пендемин да кызыктарга үңүлгөн,

Пенделердин кылыгына түңүлгөн.

Анткен менен түгөнбөгөн ишенич,

Коргоп турат көңүлүмдү үшүктөн.


Пендемин да бул жарыкка сүйүнгөн,

Пендемин да бир пендеге сүйүлгөн.

Махабаттын аруулугун баалаган,

Пендемин да кубат алган сүйүүдөн.



Райбекова А
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts