Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Майрамбубу Абдыканова/Mairambubu Abdykanova

ЫСЫК-КӨЛ

Email :3


ЫСЫК-КӨЛ



Теңдешсиз Ысык-Көлүм ак берметим,

Теңирим белек сунган кереметим.

Телегей тегиз берген мээримиңди,

Тегим да кастарлаган нур жердесиң.



Көптөн бери көл толкунун көрө элекмин,

Көөдөндөгү көп сырымды төгө элекмин.

Көлкүтүп жан дүйнөмдүн толкунундай,

Ыр майдан мухидине чөгө элекмин.



Тажасам тардыгынан тегеректин,

Чаалыксам жанга жагым дем бермексиң.

Таң эрте жээгин бойлоп ыр жаратып,

“Алтын кум” сенден артык көрө элекмин.




Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova


www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts