Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Shopping cart

Subtotal $0.00

View cartCheckout

Magazines cover a wide array subjects, including but not limited to fashion, lifestyle, health, politics, business, Entertainment, sports, science,

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

УЙ БҮЛӨӨМӨ БИР ТИЛЕК

Email :16


УЙ БҮЛӨӨМӨ БИР ТИЛЕК


Бакыт гүлү өсүп турса босогомдо,
Баймын деп айта алам мен ошого.
Бүт дүйнөм түгөл болот силер барда,
Уй бүлөөм өмүр деген даңгыр жолдо.


Жарык нур чачып турат тереземден,
Жетелеп күн шооласын бизге берген.
Жакшылык жандап жүрсүн түбөлүккө,
Үй бүлөөм Жараткандан белек делген.


Төрүмдө ата энем, бир тууганым,
Отурса ,тилек кылып жакшы баарын.
Небере күлкүсүнөн үй жаңырып ,
Жыргалым жыргал болот ушул жарым.


Жылдыздай жанып турсун күлкү шамы,
Үйүмө кирип келсин ыйман дагы.
Кааларым балдарыма тамыры бек,
Өссө дейм ынтымактын соолбос багы .


7.01.2018ж.Кайыр Жолдошбековна.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts