Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Сиздер үчүн!

Email :3

Сиздер үчүн!



Уюлундай жер дүйнөнүн тегерек,

Удургуган сезим оту керемет.

Учкум келет сени менен алыска,

Убайымды артка таштай тебелеп.




Күн толкуну чачыраса калышпайм,

Бут таштаймын алыстарга арыштайм.

Сен жанымда болсоң болду алдыда,

Узун жолду өз колумда карыштайм.




Токтоо мүнөз ток пейилдүү бирөөмүн,

Толуп дүйнөм, сени көрсөм күлөмүн.

Токсон тогуз жолу мени чалышса,

Топтоп күчүм кайра туруп жүрөмүн.




Ашира Кулишева

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts