Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Сени издеп

Email :3

Сени издеп




Сени издеп каякка барайын?

Канча күн, канча ай санайын?

Кеп учун баштоого жолуксам,

Эх жаным не себеп табайын?




Сени издеп каякка барайын?

Багытты кай жакка бурайын?

Кезикпей кечигип жатканың,

Тагдырга оодарып турайын.




Сени издеп каякка барайын?

Билгизбей азабың тартайын.

Бирок сен жарк этип бир күнү,

Келет деп жолуңду карайын.




Сени издеп эч жакка барбайын,

Түгөйсүз жапжалгыз калбайын.

Эстүү жан, сабырдуу ханзаадам,

Кеч калбай келишиң сураймын.




Болду эми жолукчу күттүрбөй,

Издөөдөн үмүттү үздүрбөй.

Ансыз да кечигип жатабыз,

Жолтоонун тизмесин бүтүрбөй.




Райбекова А

24.05.2021ж 01:55
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts