
Сезим күчү…
Сезим деген шаңга батып айлана,
Жазгы жел да согуп турат башкача.
Бек кучактап кое бербей эркелеп,
Сага деген сүйүүм дагы бир башка .
Жан дүйнөм кооздолуп гүлдөй жайнап,
Акыл-ойду башкара албай сен тарап.
Кесе толгон кымыздай жутуп алчы,
Сүйүүдөн жанып турган көзүң карап.
Теңелип жылдыз – айга учуп барам,
Чачыман сылаганда тарам, тарам.
Бир өмүр эркелешсем өзүң менен,
Мезгил да, убакыт саат, аттиң сараң.
Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net




