Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Kaldarbek Koilubaytegin/Калдарбек Койлубайтегин

Сезимиңе от жагылып,

Email :3

Сезимиңе от жагылып,


Жакасына гүл тагынып,

Сүйүүң келсе оозуң ачылып…

Же болбосо бакыт өзү,

Акылмандын накыл сөзү,

Калса сени тойго чакырып…

Тагдыр айткан ушул тура,

Ушундайы дайым туура,

Бүтүмүңө чыбык урбагын.

Кечээкиңе бүгүн бутун,

Тосуп алып чачып кутун,

Муш түйгөнүн аста тыңдагын.




Ата-энеңи, тууганыңы,

Буушканыңы, суушканыңы,

Жүрөгүңөн жылып сыйлагын.

Айчырайлуу чүрөгүңү,

Тунук көздүү мүрөгүңү,

Сүйүп-сүйүп жаның кыйнагын.

Агым нугу бурулушун,

Ниетиңи сугуң куушун,

Көңүлүңө түйүп алгының.

Кубанчыңы кайгың басып,

Бейишиңи тозок чачып,

Кунарынан кетип кайрыгың




Өмүр кетип, өлүм келет,

Жакшылыкты жаман тебет,

Бу турмуштан бүткөн жиндилик.

Бир-бирине окшошпогон,

Бирин бири жоктошпогон,

Баягы эле тойбос тиргилик.

Ошон үчүн эске түйгүн,

Жашоо үчүн оттой күйгүн,

Бүгүн барың эртең жок болот.

Баары өзгөрүп ,кубулушат,

Өлүп кайра туулушат,

Сендей эле турмуш шок болот.


Ош шаары, 25-май, 2021-жыл, 13.27
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts