Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

Нускайым Манкушева Манкушева

Email :3

Нускайым Манкушева Манкушева



Театр сахна башкы ролдо ойногон,

Өз өмүрүн кейипкерге арнаган.

Мага тааныш, ооба ушул актриса,

Кыялымда мүдөөм эле жашаган.

Сыналгыдан диктор окуйт жаңылык,

Кулагымда кайталанат жаңырык.

Жылуу учурайт, үнүн уккам, жолуккам,

Самаганым эңсеп улам жаңырат.

Операда балет бийин бийлеген,

Чоң эмгекке талант жууруп ийлеген.

Бийчи кызды эстей албай жатамын,

Ой чабыттын бир учкунун имерген.

Ооба, булар балалыктан азгырган,

Өчүп- жанып, көк-мейкинге чакырган.

Биригишип бир максатка жол салып,

Мен күтпөгөн чоң бакытты ыйгарган. Нускат Манкушева.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts