Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Максатгуль Медербековна Жанузакова/Maksatgul Mederbekovna Zhanuzakova

Көп күттүм өзгө билинбей.

Email :3

Көп күттүм өзгө билинбей.




Көп
күттүм өзгө билинбей.

Көктөмүм сенсиң дилимде.

Алчанын гүлү буркурап,

Ачылып турат бириңдеп.



Жарашып турам көктөмгө,

Алгачкы жамгыр төккөндө.

Жамгырдан неге чочушат?

Кол чатыр алып өткөндөр.




Күткөнүм сенсиң курбалым,

Суу болуп барып кургадым.

Карасаң тиги булуттун,

Оюнун салып турганын.




Жашырып боюн ызгаардан,

Жарышып чыкты кызгалдак.

Пейили таза перидей,

Окшошсуң жазым кыздарга.




Гүлкайыр жандап жар башын,

Жамалы турат арбашып.

Келгиндер өтөт чубалып,

Өмұрүн колго кармашып.




Көңүлүм бирде көкөлөп,

Көгүчкөн сызат көпөлөк.

Өткөрүп ийген экенмин,

Өмүрдүн жазын өтө көп.




Сейрек куш учуп “илбээсин”

Сендемин жазым-дилдешим.

Көктөмүм көңүл чөгөрбөс,

Көңүлдө дайым биргесиң!

Максатгуль Медербековна Жанузакова

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts