Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Айнура БЕКБОЛОТОВА/Ainura Bekbolotova

Кыш шааниси укмуш

Email :3

Кыш шааниси укмуш


Кыш шааниси укмуш сонун карасаң,
Бак-дарактар кардан шейшеп жамынган.
Жомоктогу асман турат мелтиреп,
Мөлтүр суусу тоңуп калган жалтырап.


Көрүнбөгөн аяз тосуп жолумдан,
Бетти сылап, мурдум чымчып тийишпе.
“Кырт – кырт” этип кычырата кар бассам,
Кыштын кейпи бир башкача бейиште.


Көк мелтирейт карга жатып тиктесем,
Кереметти ал мейкиндик бергендей.
Ак булуттар сүрөт тартып асманга,
Бул жомокто мен да кошо кезгендей.


Кыштын күнү мемиреген теребел…
Конок сымал аз убакка келгендей.
Айланага көз чаптырып суктанам,
Кыш мезгили сыйкырдуу бир кербендей.


Айнура БекболотоваМосква ш.19.02.2020
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts