Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

КЫМБАТЫМГО

Email :3

КЫМБАТЫМГО

Жалындап үмүтүмү жандандырган,
Жакшы күнгө үгүттөп камдандырган.
Ал менин жакшы көргөн адамымго,
Кайгырсам, кубанычка айландырган.


Тосуп алып жумуштан кайтканымда,
Аткарып оозуман чыккан айтканымды,
Ал менин эң кымбаттуу сыйлаганым,
Ырымдын жашатамын саптарында.


Чыйрыгып калганымда нуру жанып,
Чыкпастан жаныман карыш жылып,
Ал менин сезимтаалдуу ардагымго,
Үшүтпөй жан,жагымы жаап кымтып.


Ыйласам сырымы унчукпай угаарым,
Сүйүнсөм кошо кубанычта тураарым
Алактап шашып кетсем акырын деп,
Акылын айтып бир нукка салаарым.


Кымбатымго, мени дайым сыйлаган,
Эркелесем жұрөк булкуп туйлаган.
Аман болгун узак жашап өмүрлүү,
Кечирип кой кечке сени кыйнасам.

Асылымсың,ардагымсың асыл адамым,
Ар убакта бар болсун сенин карааның.



ЛИРА СООДАНБЕКОВА
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts