Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Shopping cart

Subtotal $0.00

View cartCheckout

Magazines cover a wide array subjects, including but not limited to fashion, lifestyle, health, politics, business, Entertainment, sports, science,

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

КЫЗЫЛ АЛМА

Email :19



КЫЗЫЛ АЛМА




Колумдагы кызыл алма,

Суктандырды кызыктыра.

Чоктой өнү албырт жанган,

Жегим келбей карайм кайра.




Киригили жок эч жеринде,

Эргүү козгойт сезимдерге,

Кыялымы коштоп учкан,

Кызыл алма кереметсиң ээ.




Сүйүү чачып кыял сермеп,

Кызыл алма болдуң себеп.

Тең ортодон экиге бөлүп,

Сүйгөнұмө берсем жемек.




Кыпкызылсың неге мынча,

Кызыктыра жапжаш кызча.

Суугум артып улам барам,

Көзүм тойбой кызылыңа.




Эх кызыл алма, кызыл алма,

Кыш болсо да бышсаң бакта,

Кызыккандар карап улам,

Көркөмүңө тойбой турса.




Кызыл алма кызыгамда.

Кызыктарың кыялымда.

Жанып барат албырттана,

Жытың аңкып турганыңда.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА 17.10.2020.ж
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts