Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

КЕЧИКТИМБИ ГҮЛДӨГӨНГӨ

Email :3



КЕЧИКТИМБИ ГҮЛДӨГӨНГӨ



Кечигип сезим гүлдөр бүрдөгөнгө,

Өкүнөм мен жаныңда жүрбөгөнгө.

Өмүрдүн көбү кетип азы калды,

Кечиктимби сиз үчүн гүлдөгөнгө.



Ак көйнөк кийип алып түрлөнгөнгө,

Алсызмын алдыңызда сүрдөгөнгө.

Ашыктык отун жагып күйгүзсөм да,

Арманым бирге отуруп күлбөгөндө.



Карааның түшкө кирсе ээрчип алам,

Көзүңдү көргүм келип күндө самайм.

Ойгонуп таттуу болгон кыялдардан,

Жылмайган, сүрөтүңүз карап алам.



Кайрадан жолуксак дейм сагынышып,

Кызыктуу сүйүү көлгө малынышып.

Күтөмүн ар бир таңда сыйкыр күчүн,

Элестеп ойногонду суу чачышып.




Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts