Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Shopping cart

Subtotal $0.00

View cartCheckout

Magazines cover a wide array subjects, including but not limited to fashion, lifestyle, health, politics, business, Entertainment, sports, science,

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Карыз элем

Email :15

Карыз элем



Карыз элем бир адамга “жакшылык”

Көп ойлонуп кайтарууну чечкенмин.

Буйругу жок жолугушуу болбоду,

Буйдалган көп жолдордон мен кеч келип.



Айткым келген “ыраазымын” – деп, ага,

Маанай үчүн гүл бермекмин апкаарып.

Жолукпоого эмне себеп.., а балким…?

Аяп көңүл, аяп жүрөк жаткандыр…



Ырасталган сөздөр калды тапталып,

Качандыр бир насип кылар кайтаруу.

Ага чейин тура берет баркталып,

Жүрөгүмдө жакшы сөздөр сакталуу



Миң бир жолу жүрөгүмө түйшүк сал,

Бул ырымды окуйт деген, үмүт бар.

Байланышка чыкса керек, а мүмкүн-

“Ыр жазат” – деп жүргөн чыгар, күтүп ал?



Карыз элем бир адамдан “жакшылык



Ашира Кулишева
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts