Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кундузбү Маматова / Kunduzbu Mamatova

ЖҮРӨГҮМ ЭГИЗ СЕН МЕНЕН

Email :3

ЖҮРӨГҮМ ЭГИЗ СЕН МЕНЕН


Кымбатым,
Уктабай түнү энтелеп,
Тосууга жолум эртелеп.
Жел аргы болуп келдиңби?
Моюнум жыттап эркелеп.


Асылым
Көктөмү жашыл жаштыктын,
Үзүмү болуп бакыттын,
Эрте жаз келген өткүндөй,
Төгүлүп кайра жашындың.


Жарыгым,
Жароокер сулуу көзүңө,
Тик бага албай айбыгам.
Кирпикке катып сезимди,
Күнөөкөр болом татынам.


Эрте-кеч,
Карегиң турса элжиреп,
Кандай жан сага буюрган?
Баркыңа жетип өтсө деп,
Ар мүнөт эстеп буулугам.


Унутпа,
Ак таңда сылап саамайың,
Күттүрбөй келем жел менен,
Жолубуз кайчы болсо да.
Жүрөгүм эгиз сен менен.


Маматова КундузбүКуку
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts