Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

ЖЫЛДЫЗ СЕНБИ

Email :3

ЖЫЛДЫЗ СЕНБИ

Жылдыз сенби? Жанып турган көктөгү,
Жыты менмин жаздын ушул көктөмдүн.
Жашоо берген мен сүйүүмүн түбөлүк,
Жаздын жыты, сүйүү элеси жердеги.

Кээде өчүп, кээде учуп сен көктөн,
Көңүл калган тез тутанган чоң өрттөн.
Кала берем баргым келбейт жанашып,
Жер бетинде эң алгачкы мен көктөйм.

Сен суктанган миң кубулган сүйүүмүн,
Сен бозорткон сезим күткөн тирүүмүн.
Сүйүү күчү бир керемет карасаң,
Сени көктөн, мен жердеги сүйүпмүн.



Нускат Манкушева
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts