
Жаралып пенде болуп бир келгени,
Жаралып пенде болуп бир келгени,
Бакыттын арбын болсун ирмемдери.
Беш колуң бир-бирине тең келбеген,
Пенденин ушул тура бир кем жери.
Тирүүңдө жүрөгүңдүн кагышы анык.
Күнүмдүк түйшүк менен алышабыз.
Толтурам деген менен бир бөксөңдү,
Тузу да,кемиген дейт падышанын.
Ак-кара,өйдө-төмөн аралашкан,
Өмүрдүн кемесинде бара жатсаң,
Ичи тар ичке сууга чөктүүрөрдө,
Кең -пейил чыгат тура каралашкан.
Бир күнүм кылымдарга тете келип.
Гүлүндөй гүлкайырдын -бетегенин,.
Ачтым да , он гүлүмдүн бир канчасын,
Жашадым
кыялыма жетеленип.
Жаралып ак -жарыкка бир келгени,
Бакыттын
арбын болсун ирмемдери.
14.08.2021ж.
Maksatgul
Mederbekovna Januzakova
www.kafiye.ne




