Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Маметова Зуурабу Алимбековна /Mametova Zuurabu Alimbekovna

Жакшы сөз айталычы

Email :3

[27.04, 2:01] Зуура Маметова: Жакшы сөз айталычы



Жакшы сөз айталычы,

Жамандап жатпайлычы,

Жакшы сөз жан эргитет,

Адепти сактайлычы.




Жаман сөз айтпайлычы,

Күнөөгө батпайлычы.

Баарыбыз бирдей болуп.

Тартипти сактайлычы.




Ушак сөз айтпайлычы,

Азапты тартпайлычы.

Күнөөкөр боло бербей,

Тынчтыкта жашайлычы.




Аз гана өмүр өзү,

Берилген белек экен

Татыктуу жашообузга,

Ынтымак керек экен.




Бир боорлор бар болгула,

Жакшыга жар болгула.

Акырет күндү ойлоп,

Жашоодо гүл болгула.




Жаман сөз айтпайлычы

Жакшыдан качпайлычы…




Маметова Зуурабу Алимбековна Санта

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts