Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

*ДОС БОЛГУН*

Email :3
Lira

*ДОС БОЛГУН*



Дос болгун ак дилиңден көңүл бурган,
Арам ой,жамандыктан алыс турган.
Кыйышпас достор болуп, сыр чечишип,
Кайышканда табылып жөлөп турган.


Дос болгун кубанычка бөлөп турган,
Жамандыктан алыстан коргоп турган.
Алаксытып ыйласам сооротуучу,
Жашым аарчып башымды жөлөп турган.


Дос болгун жардамыңы келип берген,
Ашууну бирге ашып кечип келген.
Түбөлүк тең салмакты кармап анык,
Достуктун күчүн бекем сактай билген.


Дос болгун,
Достукка мен башты ийем.
Досум сага,
Чын дилден таазим этем.



*СООДАНБЕКОВНА ЛИРА*

16/02/2024/
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts