
Деңиз сезим
Соктугуп, омуроолоп жан дүйнөмү,
Чарпылат, шоокумунан кулак тунат.
Бул сезим деңиз сымал мемиребей,
Оргуштап кайнаганын шыкап сунат.
Текирең-таскак салып бир бурчунан,
Мезгилдин агымына сиңип келдим.
Кыял менен желкелеш, ой күлүгүм,
Ууру- уяң мүнөзүмдөй – деңиз сезим…
Тумандын чөккөн жери бийик чоку,
Үзүк- үзүк булуттарын жетелеген…
Кетесиң бийиктикте сапар алып,
Мен болсо өз дүйнөмдө кала берем.
Эс алыңыздар
Ашира
www.kafiye.net




