Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

БҮТПӨС ЫРЫМ БАЯНЫМ

Email :3

БҮТПӨС ЫРЫМ БАЯНЫМ


Жан дүйнөмө кирип алган жыргалым,
Жүрөк кылын черткен сезим ырларым.
Жаштык кез да бир эми кайрылбай,
Артта калды сенин менин жылдарым.


Сенсиң дагы жашоомдогу мунарым,
Таркабаган жытыңдан эч кумарым.
Махабатым, таза сүйүүм жан биргем.
Тагып жүргөн мойнумдагы тумарым.


Көздөрүмдүн жанып турган кареги,
Ак сүйүүмдүн сенсиң ошол данеги.
Мүрөк суудай чаңкаганда кандыраар,
Шылдыр аккан тоо булагым бол эми.


Жанып турган өмүрүмдүн чырагы,
Бүчүрлөгөн дарагымдын чынары.
Сезим күчү ээ боло албай толкунга,
Ташкындаган махабаттын ырлары.


Жарыгысың атып аткан ак таңдын,
Бүрүн ачкан өрүк гүлүм жаздагы.
Кучагында сезимдердин бүтпөгөн,
Айта берчү ыр дүйнөдө дастаным.


25.03.2020ж. Москва.Кайыр Жазы. ,,
АКТАЛ”
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts