Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Бул дүйнө

Email :3

Бул дүйнө



Ой түрмөгүн улам сайын чубатып,

Кээде мөгдөп, кээде көңүл жубатып.

Түгөнбөгөн түйшүгү бар бул дүйнө,

Өтүп жатат өмүр жашың суратып.




Кээде бошоп, кээде кайра чыйралтып,

Бир мезгилде себеп менен сыналтып.

Бирине кор, бирине зар бул дүйнө,

Жорголотуп, кээде коёт тушалтып.




Өр тарттырып шайың алат түйшөлтүп,

Кээде ылдый түртүп салат күүлөнтүп.

Кээде шекер, кээде тузун себелеп,

Сездирет ээ бул дүйнөнү түрлөнтүп.




Сан миң түрлүү кызыгы бар, сыры бар,

Бирде кежир, бирде куу да ичи тар.

Чексиз делип ченелбеген бул дүйнө,

Бүт жандуунун түйшүгүнө өкүмдар.




Айка Райбекова

29.09.2021

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts