Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Totu Arzikulova

БИР БООРУНДАЙ БОЛБОЙТ ЭКЕН.

Email :3

БИР БООРУНДАЙ БОЛБОЙТ ЭКЕН.





Коргошун от жаканда

Көлкүйт экен.

Адам да , сары майдай эрийт экен.

Кусалык жүрөгүндө алоолонсо,

Жалынын боорун тосуп,

Эч бир жан бир боорундай,

Баспайт экен.




Чындыкты жаап жашырган жыргайт экен,

Көңүлдү арман каптап тооруйт экен

Азаптуу кыйын күндөр өтүп кетсе,

Жамалың кубанычка балкый экен.




Ар качан арсыз ойдон алыс болуп,

Бир боорлор сагынышып жүрөлүчү.

Жараткан ченеп берген аз өмүрдү,

Кадырлап урмат сыйда сүрөлүчү.




Бар болгула бир боорлорум. ,жакындарым

Көктөгү жылдыздардай асылдарым.

Асмандан алтын жамгыр төксө дагы.

Мен үчүн баалуу байлык бир тууганым.




Маметова Зуурабу Алимбековна Санта
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts