Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Shopping cart

Subtotal $0.00

View cartCheckout

Magazines cover a wide array subjects, including but not limited to fashion, lifestyle, health, politics, business, Entertainment, sports, science,

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

БИР БОЛ КЫРГЫЗ

Email :18


 БИР БОЛ КЫРГЫЗ





Жети дубаным кетпегиле бөлүнүп,

Жетимсиреп ырыскыңар төгүлүп.

Бирик Кыргыз урпагысың МАНАСтын,

Башкаларга бийик тургун көрүнүп.




Атышуудан кан кетседа чачырап,

Жаш, карысы акыйкатка талпынат.

Ок чыгарган бийлик жүзү курусун,

Жаштар өлдү колу, буту ажырап.




Бөлүнбөгүн азгырыка алдырып,

Бекемдикте , биргеликте бек туруп.

Баарын коюп өз ордуна келтирип,

Бар бол Кыргыз ,мекенине тик туруп




Келечеги жаштарга жол ачылсын,

Калыс жана адал эмгек жаралсын.

Өз Мекенин барктабаган акмактар,

Кара өзгөйлөр, баш кесерлер атылсын.




Асман дагы туталанат ачылбай,

Жаштар өлдү,күнда ыйлап басылбай.

Каргыш сага уккула эй акмактар,

Арбагы урсун өмүр боюу уктатпай.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА 6.10.2020.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts