
Билдирбей үнүн
Билдирбей үнүн созуп сезимдерим,
Бийиксиз, ара жолдун белиндемин.
Жек көрүү же жактыруу деле эмес,
Тек кана сыйлашуунун теңиндемин.
Карындашым эмес эле Карлыгачым,
— деген сөздү уккум эле келет менин.
Өзүмө өзүм айтып -“Жеңилбегин”,
Бул жашта сүйүүгө көп берилбегин.
Деген менен, бир күндү карыз алып,
“Агатай сизди сүйөм”- келди дегим.
Бир күндү акылымдан карыз алып,
Жүрөгүмө баш ийгим келди
менин…
Ашира Кулишева.
www.kafiye.net




