Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Бактылуу жан да энеси

Email :3

Бактылуу жан да энеси




Колунан түшпөй кагазы,

Ыр курап турса тамгасы,

Бир аз да болсо акындын,

Бактылуу болоор апасы.


Түшүрүп сүйкүм элесин,

Сүрөтчү тартса энесин.

Бир аз да болсо кубанаар,

Көргөндө өздүк портретин.

Кубулжуп созуп ырдаса,

Энеге көңүл бурбаса,

Элжиреп кайдан сүйүнмөк,

Ырчылар ырын сунбаса.

Медиктер турса кастарлап,

Соолугун ойлоп санааркап.

Бактылуу болбойт кайсы эне,

Уул-кыздар турса аярлап.

Турмуштун агы-карасы,

Болбосун жүрөк жарасы

Балдары турса калкалап,

Бактылуу болоор апасы.

Балдары күлүп жайнаса

Көңүлүн алып сыйласа,

Бактылуу жан да энеси,

Таалайлуу өмүр буюрса.




Райбекова ААйка,
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts