
Баарына бай бололу
Жан кейиткен оорудан сак бололу,
Жашты агызган азапка жат бололу.
Өмүрдөгү кызыктар эселенип,
Бул дүйнөдө баардыгына бай бололу.
Тагдыр калсын байланып тар жолдогу,
Талаа түздө кырсыктын аз болгону.
Буйрук болуп ата эне, бир тууганың,
Таалайыңда жакшы эмеспи бар болгону.
Жаратканым берип турсун ойлогонду,
Алыс кылсын мээнет менен ойногонду.
Кайрат күчүн, намысын эске алып,
Унутпасын эр азамат коргогонду.
Дагы айтаарым баардыгына бай бололу,
Кайтып келбес убакытты колдонолу.
Эртең эле карылыкты кабылдайбыз,
Мүмкүн кезде келечекти ойлонолу.
Райбекова А
www.kafiye.net




