Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Майрамбубу Абдыканова/Mairambubu Abdykanova

Асан-Үсөн

Email :3


Асан-Үсөн



Асмандаган Асан-Үсөн издейбиз,

Бир далайга тилек тилеп тиктейбиз.

Асан-Үсөн пайда болгон сыягы,

Дилибизден бир күн айтып бүтпөйбүз.




Жандүйнөдөн балкыйбыз да жайнайбыз.

Аруулукту жер жүзүнө арнайбыз.

Жамгырыбыз, аба, жер-суу тазалап,

Бар тилекти жамы журтка жалгайбыз.




Жамгырдан жер, батадан эл көгөрөт,

Аурабыз бир заматта өзгөрөт.

Кыргызымдын касиети ойгонуп,

Жаркын ойдон, жакшы кеби төрөлөт.




Жамгырдан жер, бир тазарып алган соң,

Күн желеси, төгүп бүткүл Ааламга,

Кыбыр эткен болгон жандар суктанып,

Күндөй күлүп, нур шаттыкта бөлөнөт.




10.06.2021ж.


Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts