
АКЫЙКАТТА КҮН КУДАЙДЫН
ЭЛЧИСИ.
Акыйкатта Күн Кудайдын элчиси,
А жер болсо адамзаттын энчиси.
Адам ата жаралгандан бер карай,
Аалам кезип алып келет энчисин.
Азбы- көппү эмгектенип алгының,
Алдым- жуттум ач көз болуп албагын.
Адаттан тыш ашык дүйнө жыйнаба,
Акыретте сурайт- тескейт бардыгын.
Ошондуктан жетеер- жетпес турмуш кур,
Бечерага бери кел деп колуң сун.
Башын сылап жетим менен жесирдин,
Мээрим төгүп жакыныңдай көңүл бур.
Отуз күндүк касиеттүү орозо,
Сыноо үчүн берсе керек адамга.
Ушак- айың, жакшы- жаман сүйлөбөй,
Арууланып жан дүйнөңдү тазала.
Кандай өмүр сүрсөң дагы жалганда,
Күндүн нуру тиктеп турат асманда.
Кокус өлүп, кош айтышсаң өмүргө,
Көр ичинде болуп калба
арманда…
23.04.2021.А. Тоту. Бишкек.
www.kafiye.net




