Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Shopping cart

Subtotal $0.00

View cartCheckout

Magazines cover a wide array subjects, including but not limited to fashion, lifestyle, health, politics, business, Entertainment, sports, science,

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Август айы

Email :23

Август айы




Ак төөнүн карды жарылган убак,

Ал-абал калып, арзуумду сурап.

Алыстан биз жакындык сезип,

Ар дайым жаздык ырларды курап.




Заматта жетип кабарым улам,

Sms жазам, гүлүмдү сунам…

Бир сөзү мени токтотту окшойт,

Жазалбай азыр жазганып турам.




Керемет түшүм – кетилген бүгүн,

Кеберсип эрдим, жетимдей түрүм.

Кеткен күн кайра келбесин билип,

Кейиди жаным кеткен күн үчүн.




Тамырын жайган жылуулук сезип,

Тамшанткым келген таң нурун берип.

Жылуулук сезгем, жылмайып кечке,

Жылдыздуу түндү кыялда кезип.




Айттыныз көр деп, түз эфир кылып,

-“Жашаган шаарым, жолдору кызык”

Барчуудай болдум, бакытты издеп,

Колума алдым картасын сызып.




Барамбы барбайм билбеймин азыр,

Бакыттан мурда тирилик зарыл.

Бай турмуш берди кудайга шүгүр,

Байсалдуу өмүр, берсинчи сабыр.




Ашира Кулишева

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts